super.kg logo

Өзбекстанда күйүүчү майдын баасы бир күндө 7 пайызга өстү

 

Өзбекстанда күйүүчү майдын баасы бир күндө эле кескин өстү. АИ-92 үлгүсүндөгү бензин биржада 7,4 пайызга көтөрүлүп, тоннасы 12,72 миллион сумдан ашты. Бул баанын өсүшү негизинен сатылган көлөмдүн кескин азайышы менен байланыштуу экенин жергиликтүү басылмалар маалымдашты.

Статистикага ылайык, биржада сатыкка чыккан күйүүчү майдын көлөмү эки эсе азайып, мурдагы 3784 тоннадан 1835 тоннага түшкөн.

"Баанын өсүшүнө дүйнөлүк мунай баасынын көтөрүлүшү жана ички энергетикалык маселелер, анын ичинде метан бекеттеринин убактылуу жабылышы да таасир эткен. Бул айдоочуларды бензинге көбүрөөк өткөрүп, суроо-талапты күчөттү", - деп белгиленген маалыматта.

Экономист Отабек Бакиров баанын өсүшүнө толук дүйнөлүк рынок эле эмес, ички монополисттик факторлор да таасир эткенин белгилейт. Учурда министрлик автогаз бекеттериндеги чектөөлөр качан жоюла турганын так айткан жок, ошондуктан бензин базарындагы чыңалуу жакынкы күндөрдө деле сакталышы мүмкүндүгү маалыматта кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: