Иран министри: "Тегеран Трамп согушту баштоо ката болгонун түшүнгөнгө чейин күрөшөт"
Иран АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеранга каршы согушту баштоодогу катасын түшүнгөнгө чейин күрөшөт. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди.
"Биздин күчтүү куралдуу күчтөрүбүз АКШнын президенти америкалыктарга да, ирандыктарга да таңуулаган мыйзамсыз согуш туура эмес экенин жана эч качан кайталанбашы керектигин түшүнгөнгө чейин күрөшө берет. Жабырлануучулар да компенсация алышы керек",- деп жазган ал X социалдык тармагында.
Мурда Аракчи америкалык CBS телеканалына берген маегинде Тегеран Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө баруу үчүн эч кандай олуттуу себеп көрбөй турганын билдирген.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















