super.kg logo

Трамп Ирандагы мектепке кол салуу боюнча комментарий берди

 
АКШ лидери Дональд Трамп Иранда кыздар мектебине жасалган кол салуу боюнча комментарий берди. Айтымында, окуя боюнча иликтөө башталган.
"Биз билбейбиз. Тергөө жүрүп жатат",- деген ал журналисттердин суроолоруна жооп бергенде.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган.
2-мартта Ирандын түштүгүндө жайгашкан башталгыч класстын окуучулары билим алган мектепке АКШ жана Израил тарабынан сокку урулган. Анда курмандыктардын саны 171 адамга жеткени, көпчүлүгү окуучулар экени кабарланган.

Көп өтпөй БУУ Минабедеги мектепке сокку уруу окуясын тез арада иликтөөнү талап кылган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: