super.kg logo

АКШ НАТО союздаштарынан Ормуз кысыгына кемелерди жөнөтүүнү талап кылат

 

АКШ НАТОдогу союздаш өлкөлөрдөн Ормуз кысыгы аркылуу кеме жүрүшүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн аскердик кемелерди жөнөтүүнү талап кылат. Бул тууралуу АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэтт Уитакер билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, АКШ дүйнөлүк супердержава катары мындай милдетти жалгыз да аткара алат, бирок күчтүү союздаштардын катышуусу жалпы коопсуздукту бекемдейт.

Бул билдирүү АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясынын фонунда айтылды. Ушул кырдаалдан улам Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы дээрлик токтоп, камсыздандыруу компаниялары төлөмдөрдү жогорулата баштаганы маалымдалды.

Белгиленгендей, Ормуз кысыгы — Перс булуңунан дүйнөлүк рынокко мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүдөгү негизги маршрут болуп саналат. Бул жол аркылуу дүйнөдөгү мунай жана мунай продуктуларынын, ошондой эле СПГнын болжол менен 20 пайызы ташылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: