Өзбекстан Иранга гуманитардык жардам жөнөттү
Өзбекстан бийлиги Иранга азык-түлүк, дары-дармектен турган гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, гумжардамда тамак-аш азыктары, анын ичинде ун, күрүч, кант, макарон, күн карама майы жана консервалар, ошондой эле дары-дармектер жана медициналык буюмдар бар.
Өзбек бийлиги бул демилге эки өлкөнүн ортосундагы достук, тилектештик жана өз ара колдоонун белгиси экенин кабарлады. Буга чейин Өзбекстандын ТИМи Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна тынчсыздануусун билдирип, жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















