Зеленский Ирандагы кырдаал Украинага таасир берип жатканын айтты
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу Украинага таасир берип жатканын билдирди. Бул тууралуу Зеленский ВВС басылмасына маек берип жатып айткан.
"Менде өтө жаман ойлор болууда. Тилекке каршы, Америка Украинага караганда Жакынкы Чыгышка көбүрөөк көңүл буруп жатат. Ошондуктан биздин дипломатиялык үч тараптуу жолугушууларыбыз тынымсыз жылдырылып жатканын көрүп турасыздар",- деген ал.
Ошондой эле Украинанын лидери сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Орусиядан башка каалаган жерге, каалаган күнү барууга даяр экенин кошумчалай кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















