Британия полициясы Эпштейн иши боюнча оригинал файлдарды талап кылууда
Улуу Британиянын полициясы АКШнын Юстиция министрлигинен америкалык финансист Жеффри Эпштейн боюнча иштин толук, өзгөртүлбөгөн материалдарын берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Скотленд-Ярд жетекчиси Марк Роули билдиргендей, бул документтер экс-ханзаада Эндрю менен байланыштарды иликтөө үчүн өтө маанилүү.
Анын айтымында, далилдердин көпчүлүгү АКШда сакталууда жана сотко жеткирүү үчүн толук, кыскартылбаган маалыматтар зарыл.
Роули ABC телеканалына берген маегинде:
“Бизге оригинал материалдар керек, анткени ишти сотко жеткирүү үчүн толук далилдер талап кылынат”, — деп белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















