super.kg logo
  Саясат  

Шавкат Мирзиёев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

 
Бүгүн, 20-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө башчысы Садыр Жапаровду жана Кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
“Биздин боордош элдерибиз кылымдар бою боорукердик менен кечиримдүүлүктүн, ынтымак менен биримдиктин символу катары кастарланып, чоң кубаныч жана шыктануу менен белгиленип келе жаткан бул улуу жана кайталангыс майрамды чыдамсыздык менен күтүп келишет. Өзгөчө белгилей кетсем, биздин биргелешкен системалуу ишибиздин жана бекем саясий эркибиздин аркасында акыркы жылдары биздин достук мамиледеги өлкөлөрдүн ортосундагы көп пландуу жана узак мөөнөттүү кызматташтык, стратегиялык өнөктөштүк мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлдү”,- деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Шавкат Мирзиёев ошондой эле Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, мындан аркы прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: