super.kg logo

Казакстанда майрамды утурлай 11 миң домбрачы күү чертип, рекорд коюуну ниет кылууда (видео)

 

Казакстандын Алматы шаарында Нооруз майрамына карата "Домбыра үні" аттуу масштабдуу флешмоб уюштурулууда. Иш-чарага 6–10-класстын 11 миң окуучусу катышып, домбра менен күүлөрдү бир убакта аткарышат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар маалымдашууда.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чарага белгилүү казакстандык артисттер Асылбек Енсепов, Ринат Гайсин, Нурлан Албан жана Али Окапов катышып, көрүүчүлөрдү куттукташат.

Уюштуруучулар бул флешмобду өлкөдөгү эң массалык домбра аткаруусу катары каттап, рекорд коюуну көздөшүүдө. Мындай иш-чаралар жаш муунду тарбиялоодо жана улуттук маданиятты өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной тургандыгы кошумчаланды.






Казакстанда 11 миң домбурачы Ноорузда майрамдык маанай тартуулайт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: