super.kg logo

"Манчестер Ситинин" коргоочусу, өзбекстандык Абдукодир Хусанов алгачкы ирет ата болду (видео)

 

Англиянын "Манчестер Сити" футбол клубунун жана Өзбекстандын улуттук курама командасынын коргоочусу Абдукодир Хусанов алгачкы жолу ата болду. Футболчунун үй-бүлөсүндө уул төрөлгөнүн спортчу социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ымыркайга Давид деген ысым ыйгарылган. Хусанов бул маанилүү окуяны Ташкент шаарында жакындарынын курчоосунда белгиледи.

Белгилей кетсек, футболчу "Ситиде" 2025-жылдан бери ойноп келет. Ал бул клубга Франциянын "Ланс" командасынан 40 миллион еврого трансфер болгон. Ушул убакыт ичинде ал бардык мелдештерде 39 оюн өткөрүп, бир гол киргизген.

Мындан тышкары, Хусанов биринчи трофейин жеңип, 2025-2026-жылкы сезондо Англия лигасынын кубогун утту. Учурда Англия чемпиондугунда 30 турдан кийин "Манчестер Сити" 61 упай топтоп, турнирдик таблицада экинчи орунда келе жатат.






"Манчестер Сити" клубунун коргоочусу, өзбекстандык Абдукодир Хусанов ата болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: