Лукашенко Түндүк Кореяга расмий сапар менен барды (сүрөт)
Беларус президенти Александр Лукашенко Корея элдик демократиялык республикасына расмий сапар менен барды. Бул тууралуу аталган президенттин расмий сайтында кабарланат.
Белгилүү болгондой, Лукашенко Пхеньянга Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын чакыруусу менен барган.
Аэропорттон Беларустун лидерин Түндүк Кореянын биринчи вице-премьер-министри Ким Ток Хун жана Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков тосуп алышты.
Расмий сапар 26-мартка чейин уланат. Сапардын алкагында беларус-корей мамилелерин өнүктүрүүнүн бардык багыттарын талкуулоо, эки тарапты кызыктырган келечектүү долбоорлорду аныктоо каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















