Конор Макгрегор UFC'ге кайтышы мүмкүн
Ирландиялык ММА жылдызы Конор Макгрегор жакынкы убакта UFC уюмуна кайтып келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, атактуу мушкердин октагонго кайтуусу 2026-жылдын 11-июлунда UFC 330 турниринин алкагында, Лас-Вегас шаарында өтүшү мүмкүн.
Инсайдерлер белгилегендей, Макгрегордун кайтып келүүсү дээрлик чечилген, бирок күтүлбөгөн “олуттуу жагдайлар” жаралбаса гана ишке ашат.
Белгилей кетсек, мурдагы чемпион бир топ убакыттан бери мелдештерден четтеп турган. Анын кайтып келиши күйөрмандар арасында чоң кызыгуу жаратууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















