Адылбек Касымалиевдин учагы Шымкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду
Бүгүн, 26-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга жумушчу сапары менен барды.
Президенттик администрация билдиргендей, анын учагы Шымкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Касымалиевди Казакстандын премьер-министринин орун басары Жаслан Мадиев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.
Эске сала кетсек, Касымалиев жумушчу сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына, ошондой эле “Digital Qazaqstan-2026” (Санарип Казакстан-2026) эл аралык санарип форумуна катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















