ММА мушкери Марсель Нурланбек уулу Еркебулан Токтарды жеңди
Кыргызстандык спортчу Марсель Нурланбек уулу 28-мартта Арменияда өткөн аралаш мушташ (ММА) боюнча Hype FC 28 турниринде жеңишке жетти.
Белгилүү болгондой, аталган мелдеште Нурланбек уулу казакстандык Еркебулан Токтар менен беттешкен.
Мелдештин жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти Кыргызстандын өкүлү Марсель Нурланбек уулуна ыйгарышты.
Белгилей кетсек, акыркы беттешинде 2024-жылдын августунда кыргызстандык өзбекстандык Фарход Эргишбаевди нокаут менен жеңген.
Мушкер Марсель Нурланбек уулу Армениядагы турнирде Еркебулан Токтарды жеңди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















