Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү (видео)
Кыргызстандын атынан Иранга 66 тонна азык-түлүк, 63 тонна дары-дармек камтылган гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирип, жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашканын белгилешти.
ӨКМдин берген маалыматына ылайык, салмагы 129 тоннаны түзгөн гуманитардык жардамдын ичинде ун, эт консервалары, өсүмдүк майы жана керектүү дары-дармек каражаттары жүктөлгөн.
Аталган жүк Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычевдин катышуусунда жеткирилип, Иран тарапка тапшырылды.
Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















