Курулушту кечеңдеткен компанияларга чектөө коюлат (видео)
Курулуш мөөнөтүн сактабаган компанияларга жаңы объекттерди курууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда курулуш министри Нурдан Орунтаев жыйында билдирди.
Анын айтымында, 31 курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында курулушу кечеңдеп жаткан объекттердин абалы каралып, компаниялардан кечигүүнүн себептери боюнча түшүндүрмө алынды. Министр курулушу бүтпөй жаткан объекттерге көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
Ошондой эле айрым компаниялардын ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлөрү кошумчаланды.
Курулушту кечеңдеткен компанияларга чектөө коюла
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















