Мунарбек Сейитбек уулу Түркиядагы турнирдин жеңүүчүсү болду
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу “Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament” эл аралык мелдешинде жеңүүчү аталды.Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, турнир Стамбул шаарында 29-марттан 5-апрелге чейин өттү. Анда мушкер 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Ал алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлү Тилав Супоновду, чейрек финалда австралиялык Дарси Омаллейди жеңди. Жарым финалда германиялык мушкер Денис Бриль менен кез келип, аны да 5:0 эсебинде утуп, финалга чыкты. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште калыстардын бир добуштан чечими менен 5:0 эсебинде Украинанын өкүлү Иван Завадскийди жеңди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















