super.kg logo

Иран элчиси зыянга учураган окуу жай жана китепканалардын санын айтты 

 

АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккуларынан 80ден ашык жогорку окуу жай жана китепканалар зыянга учурады.

Бул тууралуу Ирандын Тажикстандагы элчиси Алиреза Хакикиян Дүйшөмбүдө өткөн билим берүү боюнча эл аралык фестивалда айткан.

"Аскердик операция башталгандан бери америкалык жана израилдик аскерлер Иранда жайгашкан 30дан ашык университетке, бир нече илимий борборлорго жана 55 китепканага чабуул коюшту",- деген ал.

Эске салсак, АКШ менен Израил Иранга 28-февралда аскердик операция баштап, бир нече шаарларга абадан сокку жасаган. Буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Ушул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза болду.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: