super.kg logo

Ливан Израил соккуларынан каза болгондор тууралуу маалымат берди

 

Ливанда Израилдин чабуулдарынан каза болгондордун саны (ред., 2-марттан бери) 3783 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып, эл аралык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, акыркы сутка ичинде дагы 27 адам каза болуп, 67 адам жаракат алган. Жалпысынан жаракат алгандардын саны 11 миң 699 адамды түздү.

Бүгүн Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) Бейрут шаарындагы «Хезболла» уюмунун командалык борборуна сокку урганын маалымдады. ЖКМлар билдиришинче, анын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы төртөө жаракат алган.

Буга чейин ЦАХАЛ Ливандын түштүгүндөгү 29 калктуу конуштун тургундарына алдыдагы аба соккулары тууралуу эскертип, коопсуз аймактарга эвакуация болууга чакырганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: