
АКШ менен Ирандын ортосунда тынчтык келишими түзүлдү. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри
Шахбаз Шариф X социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Анын айтымында, тараптар бардык багыттар боюнча аскердик аракеттерди токтотууга макул болушкан.
"Келишимге кол коюунун расмий аземи 19-июнда Швейцарияда өтөт", - деп жазган Шариф. Ошондой эле ушул жумада ортомчулар бир катар жолугушууларды өткөрүп, келишимдин техникалык маселелерин талкуулашат.
Кийинчерээк келишим түзүлгөнүн АКШ президенти Дональд Трамп дагы Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында билдирген.
"Иран менен келишим түзүлдү. Баарыңызды куттуктайм. Ушуну менен мен Ормуз кысыгын бажы төлөмүсүз ачууга уруксат берем жана АКШнын блокадасы алынганын билдирем. Тынчтык кемелери, моторуңарды иштеткиле! Мунай агымын улантсын!", - деп жазган Трамп.
Ошол эле учурда Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади Иран бул жаңжалда жеңишке жеткенин билдирди. Бирок Тегеран Вашингтонго толук ишенбей турганын да кошумчалаган.