Мээрим Жуманазарова Азия чемпиондугун таза жеңиш менен баштады
Бүгүн, 8-апрелде кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Бишкек шаарындагы "Жаштык аренада" өтүп жаткан Азия чемпиондугундагы беттешин жеңиш менен баштады.
Ал вьетнамдык алгачкы аттаандашын 10:0 эсебинде жеңди. Балбан кыздар 68 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Эскерте кетсек, бүгүн өлкөнүн атынан төрт балбан кыз килемге чыгат. Арууке Кадырбек кызы алгычкы айлампада жеңилип калды. Ал эми Кыргызстандын капчыгында азырынча грек-рим күрөшүнөн 3 алтын бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















