Вэнс АКШ Украинага курал берүүнү токтотконун ырастады
АКШ мындан ары Украинага курал-жарак сатып алууга жана жеткирүүгө катышпайт. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс 14-апрелде Жорджия университетинде өткөн форумда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
"АКШ мындан ары курал-жарак сатып албайт жана Украинага жөнөтпөйт. Биз бул абалдан жаңы эле чыктык”,- деген ал.
Вэнс Европа өлкөлөрү эми Украинанын муктаждыктары үчүн курал-жарактарды өз алдынча алышы керектигин баса белгиледи. АКШ мындан ары бул сатып алууларды каржылабайт, бирок европалык союздаштары америкалык өндүрүүчүлөрдөн курал сатып алышса, каршы эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















