super.kg logo

Гүлназ Чыныбек кызы Руандада кыргыз маданиятын тааныштырды

 

Кыргызстандык ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Африкадагы Руанда өлкөсүнө болгон сапары учурунда жергиликтүү Moriox Kids балдар тобу менен жолугушту.

Сапардын алкагында ырчы балдар менен жылуу баарлашып, кыргыз маданияты жана салттуу тамак-аштары тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле Кыргызстандын улуттук даамдарын — боорсок, сүмөлөктү балдарга сунуштап, даамын таттырды.

Балдар кыргыз ашканасына кызыгуу менен мамиле кылып, жаңы даамдарды сынап көрүштү. Видеодо алардын кубанычтуу маанайы жана жылуу кабыл алуусу да чагылдырылган.

Ырчы айым бул жолугушуу аркылуу маданияттар аралык достукту бекемдөөнү жана кыргыз элинин маданиятын дүйнөгө таанытууну максат кылганын белгилеген. Видео анын социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды жана көптөгөн колдонуучулардын жылуу пикирлерине ээ болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: