super.kg logo

Актауда кулаган Азербайжандын учагына Орусия кенемте төлөмөй болду

 

Орусия менен Азербайжан AZAL авиакомпаниясынын учагынын Актауда кыйрашына байланыштуу компенсация төлөө боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, маселе Азербайжан менен Орусиянын президенттеринин 2025-жылдын 9-октябрында Душанбе шаарында өткөн "Борбордук Азия – Орусия" саммитинин алдында болгон жолугушуусунда жетишилген келишимдердин негизинде жөнгө салынды.

"Тараптар Актау шаарына жакын жерде кулаган AZAL авиакомпаниясына таандык Embraer-190 учагына байланыштуу компенсация төлөө маселесине келишти. Кырсык Орусиянын аба мейкиндигинде коргонуу системинин жаңылыш аракетинен улам болгон",- деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 2024-жылы 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.

Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган. Кыргызстандык жарандардын баары кыйроодон аман калышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: