super.kg logo

Трамп Си Цзиньпин аны кучактай турганын айтты

 

АКШ президенти Дональд Трамп Кытай үчүн Ормуз кысыгындагы блокаданы ачканын билдирди. Бул билдирүүсүн президент Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

"Кытай Ормуз кысыгын түбөлүккө ачып жатканыма абдан ыраазы. Мен муну Кытай үчүн да, ошондой эле бүткүл дүйнө үчүн жасап жатам. Мындай кырдаал мындан ары эч качан кайталанбайт. Ал эми Кытай Иранга курал-жарак жеткирбөөгө макул болду. Бул согуштан көрө жакшы эмеспи. Бирок эсиңерде болсун, биз согушууга башкалардан алда канча жөндөмдүүбүз!",- деп билдирген ал.

Ошондой эле Трамп жакында 14-15-майда Пекинде өтө турган жолугушууда Кытай лидери Си Цзиньпин бул үчүн аны катуу кучактай турганын кошумчалаган.

Эске салсак, 13-апрелде АКШ Иран портторуна кирген же чыгып жаткан бардык кемелерге каршы деңиз блокадасын жарыялаган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: