Чүйдө мал уурдоого шектелген эки жигит кармалды
Чүйдө мал уурдоого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу аталган облустун милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук милицияга 24 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал Айдарбеков айылынан 150 миң сомдук малын уурдатканын айткан.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 27 жаштагы Ш.Д. жана 29 жаштагы К.Т. аттуу жарандар кармалган. Тергөө учурунда уурдалган мал үчүнчү тарапка сатылганы аныкталган. Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















