Ошто ММА мушкери жигитти сабап салды
16-апрелде интернет желесине белгисиз эркек адамдын жигитти сабап жатканы тартылган видео тарады. Кадрлардан ал жабырлануучуну колу-бутуна, башына сокку уруп, муунтуп жатканын көрүүгө болот.
Интернет колдонуучулары аны кыргыз балбаны Акжол Махмудовго окшоштурушууда. Бирок спортчунун жакындары Махмудов азыркы учурда Ысык-Көлдө аскердик кызмат өтөп жатканын билдиришти.
Бул факт боюнча Ош шаардык милициясы текшерүү иштерин баштады. Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү укук коргоо органдары тарабынан изделүүдө жана ал ММА боюнча кесипкөй мушкер болушу мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:04
2026-06-14
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















