Лондондо Ормуз кысыгы боюнча жаңы жолугушуу өтөт
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Ормуз кысыгындагы коопсуздук маселелерине арналган кезектеги жолугушуу кийинки жумада өтөрүн билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты. Анын айтымында, жыйын Лондон шаарында уюштурулат.
Макрон бул тууралуу Ормуз кысыгындагы кырдаалга байланыштуу өткөн конференциянын жыйынтыгында маалымдаган. Ал жолугушууда негизги көңүл деңиз аркылуу жүк ташуунун коопсуздугун камсыздоого буруларын белгиледи.
Белгилей кетсек, Ормуз кысыгы дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз жолдорунун бири болуп саналат жана эл аралык соода үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















