super.kg logo

Зеленский АКШ менен Киевдин мамилеси солгундап бара жатканын билдирди 

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ менен Украинанын ортосундагы мамиле муздап бара жатканын билдирди. Бул тууралуу Зеленский жергиликтүү басылмаларга маек берип жатып айткан.

Анда ал АКШнын лидери Дональд Трамп өлкөнүн коопсуздугунун кепилдиги боло албасын, АКШ Украинага Орусиядан коргонууга жетиштүү деңгээлде жардам бере албай жатканын белгилеген.

"Трамп дагы эки жарым жыл кызматта болот, андан кийин биз эмне кылабыз? Ал Донбасс аймагынан аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылып жатат. Бул деген биздин утулуш",- деген Украинанын лидери.

Ошондой эле ал Вашингтон акыркы аракеттери менен Киевди эмес, Москваны көбүрөөк колдоп жатканын кошумчалап, ага мисал катары америкалык өкүлдөрдүн Москвага бир нече жолу барганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: