super.kg logo

АКШ менен Ирандын сүйлөшүүсү качан өтөрү айтылды 

 

АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүү 22-апрелде Исламабад шаарында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу америкалык CNN телеканалына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

ки өлкөнүн делегацияларынын сүйлөшүүсү шаршемби күнү Исламабадда өткөрүлөт",- деп жазылган андагы маалыматта.

Ал эми Ак үй сүйлөшүүлөрдүн так күнүн ырастаган эмес, бирок жакын арада АКШнын делегациясы Пакистанга жөнөп кетерин белгилеген.

Буга чейин Иран бийлиги Вашингтондун ашыкча талаптарынан улам АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына катышуудан баш тартканы тууралуу билдирүү тараткан. Ага удаа Иран өз делегациясын Исламабаддагы сүйлөшүүлөргө жөнөтүү шартын атаган эле.

Буга чейин 12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүзүп, бирдиктүү чечимге келе алышкан эмес.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: