super.kg logo

Дүйнөдөгү эң чоң айсберг кыйрады

 

Арктика жана Антарктика изилдөө институтунун окумуштуулары акыркы 40 жылдан бери көзөмөлдөп келе жаткан дүйнөдөгү эң чоң A23a айсберги кыйрады.

Чет элдик басылмалар жазышкандай, муз гиганты өзүнүн аянтынын 99 пайызын жоготуп, майда бөлүктөргө бөлүнүп кеткен. Январь айында айсбергдин аянты болжол менен 1300 чарчы чакырымды түзгөн. Учурда анын аянты 50 чарчы чакырымдан аз. Муну менен ал дүйнөдөгү эң чоң айсберг статусун жоготту.

Аталган айсберг 1986-жылы Антарктидадагы Фильхнер муз аянтынан бөлүнүп чыккан. Ал пайда болгон учурда 4170 чарчы чакырым аянтты ээлеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: