super.kg logo

Ливандын президенти: "Израил менен сүйлөшүүлөр – бул баш ийүү эмес, согушту токтотуу аракети"

 

Ливандын президенти Жозеф Аун Израил менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр Бейруттун кандайдыр бир жеңилдикке баруусу же багынуусу эмес экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты – куралдуу кагылышууну токтотуп, аймактагы чыңалууну жөнгө салуу.

Бул сүйлөшүүлөр жеңилүү же
артка чегинүү эмес, маселелерди чечүүгө багытталган. Азыркы учурда ливандыктар мамлекетин колдошу абдан маанилүү, анткени эл согуштардан чарчады”, - деди Аун жергиликтүү өкүлдөр менен жолугушууда.

Президент ошондой эле Ливан сүйлөшүүлөргө катышууну чечкенин, бирок өлкөнүн укуктарын катуу коргой турганын белгиледи. Анын айтымында, биринчи кезекте Израилдин чабуулдарын токтотуу, аскерлерди чыгаруу жана туткундарды кайтаруу маселеси чечилиши керек. Андан кийин гана ондогон жылдарга созулган согуштардан соң тынчтык тууралуу сөз кылууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: