super.kg logo

Тегеран Вашингтон менен сүйлөшүү жүргүзүү шартын атады

 

Тегеран менен Вашингтондун Исламабаддагы сүйлөшүүлөрү АКШнын Иран портторуна блокадасы алынган соң ишке ашат. Бул тууралуу Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани билдиргенин ИРНА басылмасы жазды.

"Вашингтон деңиз блокадасын токтотоор замат, сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы Исламабадда өтөт деп ишенем",- деген ал журналисттердин суроолоруна жооп бергенде.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ Иранга каршы жаңы соккуларды азырынча токтото турганын, бирок Иран портторуна деңиз блокадасын алып салбай турганын билдирген. Кийинчерээк ал америкалыктардын Иран портторуна блокадасын сактап калуу зарылдыгын, ансыз Тегеран менен келишим түзүлбөй турганын белгилеген.

АКШ администрациясы учурда Иран менен сүйлөшүү үчүн Пакистанга делегация жиберүүнү пландабаганын ырастаган. АКШ Ирандын макулдашылган сунушун күтөт.

Эске салсак, 12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүзүп, бирдиктүү чечимге келе алышкан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: