Таиланд 60 күндүк визасыз режимден баш тартууда
Таиланд бийлиги өлкөгө визасыз кирүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сихасак Пхуангкеткео билдиргенин чет элдик басылмалар маалымдашты.
Анын айтымында, айрым чет элдик жарандар узак мөөнөттүү визасыз жүрүүнү мыйзамсыз иш-аракеттерге, анын ичинде онлайн алдамчылыкка байланышкан каржылык схемаларга колдонуп жатышат. Ошондуктан бул чара кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында кабыл алынууда.
Бийлик өкүлдөрү чыныгы туристтер үчүн 30 күн Таиландда эс алууга жетиштүү экенин белгилешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















