Зеленский: "Украина Ирандагы согуштун бүтүшүн күтө албайт"
Украинанын президенти Владимир Зеленский Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Украинадагы согуштан алаксытып жатканын билдирди. Бул тууралуу Зеленский CNN телеканалына берген маегинде айткан.
Анда ал Украинадагы согушту токтотуу аракеттери Ирандагы жаңжал бүткөндөн кийин гана жанданарына тынчсызданып жатканын белгилеген.
"Украина тууралуу кийин сүйлөшөбүз дегенге болбойт. Украина "кийин" эмес. Өлкө буга чейин эле чоң трагедияны баштан кечирди жана кечирип келүүдө. Ошондуктан сүйлөшүүнү параллелдүү чечүүнүн жолун табышыбыз керек",- деген Украинанын лидери.
Ошол эле учурда Зеленский АКШ менен техникалык сүйлөшүүлөр уланып жатканын кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















