Бирөөнү уулдары менен чогуу сабашкан... Аламүдүндө бейбаштыкка шектелгендер кармалышты
Аламүдүн районунда бейбаштыкка шектелип 29, 37 жана 40 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Васильевка айылында 38 жаштагы жаранды жана анын 2 уулун ур-токмокко алышкан. Жабырлануучунун Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын таш менен ургулашып, мүлктүк дагы зыян келтиришкен.
Текшерүүдө арыздануучунун эки баласы жеңил жаракат алышканы жана унаасына 154 миң 600 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















