super.kg logo

Ирандын ТИМи: "АКШ менен түз сүйлөшүү пландалган жок"

 

Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын пландаштырбай турганы айтылды. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багайи Х социалдык тармагына жазды.

"Биз расмий сапар менен Исламабадга келдик. Тышкы иштер министри Аббас Арагчи Пакистан тараптын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү менен жолугушат. Бул жолугушуулар алардын АКШ тарабынан таңууланган агрессивдүү согушту токтотуу жана аймагыбызда тынчтыкты калыбына келтирүү багытындагы ортомчулук жана жакшы кызмат көрсөтүү аракеттеринин алкагында өтөт", — деп жазды Багаи.

Axios агенттиги маалымдагандай, АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы 27-апрелде Пакистанда өтүшү мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: