super.kg logo

Иран президенти АКШ менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоонун шартын атады

 

АКШ Иран менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн бардык тоскоолдуктарды, анын ичинде деңиз блокадасын алып салышы керек.

Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкян Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирген.

Ал Тегеран кысым же коркутуу менен диалогго барбай турганын баса белгиледи.

"Иран басым, коркутуу же блокада астында мажбурлап сүйлөшүүлөргө барбайт”, - деген өлкө лидери.

Ал Вашингтондун уланткан кысымы АКШнын Тегеран менен дипломатиялык сүйлөшүүлөргө баруу ниетине карама-каршы келерин белгилеген. Мындай карама-каршылыктар Иран коомчулугунда жана расмий адамдарында ишенбөөчүлүктү күчөтүп жатканын сөз кылган.

Белгилей кетсек, АКШ менен Ирандын ортосунда эки жумалык ок ​​атышпоо 8-апрелде жарыяланган. Ок атышпоонун мөөнөтү аяктагандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүү үчүн аны белгисиз мөөнөткө узартты. 12-апрелде Пакистанда өткөн АКШ менен Иран өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү келишимсиз аяктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: