Европа парацетамол сыяктуу негизги дарыларды чыгара албай калганы айтылды
Европада химиялык өндүрүш ишканаларынын жабылышы негизги дары-дармектерди чыгарууга олуттуу тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу Financial Times Cefic уюмунун башчысы Марко Менсинктин айткандарына таянып жазды.
Анын айтымында, өндүрүш абдан кыскаргандыктан, айрым дары-дармектерди азыр бир гана компания чыгара алат. Европа биримдиги мындан улам парацетамол сыяктуу жөнөкөй, бирок маанилүү дарыларды өз алдынча өндүрө албай калган.
Маалыматка ылайык, акыркы үч жылда Европанын химия өнөр жайы өндүрүш кубаттуулугунун болжол менен 7 пайызын жоготкон. Заводдордун жабылышы дагы эле уланып жатканы белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















