super.kg logo

АКШнын Ормуз кысыгындагы миссиясы убактылуу токтотулганы кабарланды

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгында кемелерди коштоо боюнча “Эркиндик долбоору” миссиясын убактылуу токтотконун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бул чечим Сауд Арабиясынын нааразычылыгынан кийин кабыл алынганы айтылууда. Сауд Арабиясы АКШга өзүнүн аскердик базаларын жана аба мейкиндигин бул операция үчүн колдонууга уруксат берүүдөн баш тарткан.

Маалыматка караганда, Эр-Рияд АКШнын “Принц Султан” базасынан учактардын чыгышына жана аймактагы операцияларга катышуусуна каршы чыккан. Сауд тарап АКШ миссия башталганын алдын ала билдирбей койгону үчүн нааразычылык билдирген.

NBC телеканалы америкалык расмийлерге таянып, бул чечим Перс булуңундагы союздаштардын ортосунда күтүүсүз чыңалуу жаратканын кабарлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: