
Кремль Москвада өтө турган Жеңиш күнүнө арналган салтанатка катыша турган чет элдик делегациялардын тизмесин
жарыялады.
Маалыматка ылайык, 9-май майрамына карата Орусиянын борборуна бир катар мамлекет жетекчилери жана расмий өкүлдөр келишет. Алардын арасында:
- Абхазиянын президенти Бадра Гунба жубайы менен;
- Беларустун президенти Александр Лукашенко;
- Лаостун президенти Тхонглун Сисулит;
- Малайзиянын жогорку башкаруучусу Султан Ибрагим;
- Словакиянын өкмөт башчысы Роберт Фицо;
- Түштүк Осетиянын президенти Алан Гаглоев;
- Сербия Республикасынын (Босния жана Герцеговина) президенти Синиша Каран;
- Сербиянын Элдик парламентинин төрагасы Ненад Стевандич жубайы менен;
- Сербиядагы “Көз карандысыз социал-демократтар союзу” партиясынын төрагасы Милорад Додик жубайы менен катышат.