super.kg logo

Дрондор уруксатсыз учурулбайт! 9-майда коомдук тартипти 3000ден ашуун милиция кызматкери карайт

 

Эртең, 9-май Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу коомдук тартипти жана коопсуздукту күчөтүлгөн режимде 3000ден ашуун милиция кызматкери камсыз кылат. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалым болгондой, "Өлбөс полк" жүрүшү учурунда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу максатында белгиленген эрежелерди жана милиция кызматкерлеринин талаптарын сактоо керек.

Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

* дрондорду жана башка учуучу аппараттарды уруксатсыз колдонууга;
* абадан уруксатсыз тартууга;
* курал-жарактарды, кооптуу буюмдарды, пиротехникаларды алып жүрүүгө;
* алкоголдук ичимдиктерди алып кирүүгө жана колдонууга;
* айнек идиштерди колдонууга;
* экстремисттик, чагымчыл жана саясий символикаларды колдонууга;
* үгүт иштерин жүргүзүүгө;
* коомдук тартипти бузган аракеттерге.

Учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууга расмий уруксат болгон учурда гана жол берилет. Талаптар бузулган учурда аларга карата мажбурлап бөгөт коюу чаралары көрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: