Өзбекстандын Коргоо министрлигинде Жасалма интеллект департаменти түзүлөт
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев армияны санариптештирүү жана аскердик кадрларды даярдоо боюнча жаңы реформаларды колдоду.
Ага ылайык, өлкөнүн Коргоо министрлигинде санариптик технологиялар боюнча башкы башкармалык, Жасалма интеллект департаменти жана Киберкоопсуздук лабораториясы түзүлөт. Ошондой эле спутник байланыш борбору ишке кирип, аскердик округдарда санариптештирүү жана киберкоопсуздук боюнча жаңы жетекчилик кызматтар пайда болот.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, азыркы согуштарда дрондор, роботтук системалар жана электрондук күрөш каражаттары кеңири колдонулуп жаткандыктан, Өзбекстан армиясы да жаңы технологияларга басым жасоодо.
Мындан тышкары аскердик окуу жайларда чет тилдер, IT жана жасалма интеллект боюнча билим берүү күчөтүлөт. Өлкөдө коргонуу тармагын толук санариптештирүү жана улуттук жасалма интеллект моделдерин иштеп чыгуу максаты коюлган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















