Казакстандык жигит Лондондо мэрлик кызматка жетти (видео)
Казакстанда туулган Санжар Абишев Улуу Британиянын Лондон шаарындагы Сент-Жеймс районунун мэри болуп шайланды. Шайлоо 7-май күнү өтүп, ал Консервативдик партиянын талапкери катары жеңишке жеткенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, Санжар Абишев Улуу Британияда мектеп курагынан бери жашайт. Ал абройлуу Малверн окуу жайын аяктап, маркетинг тармагында эмгектенген. Учурда ал 33 жашта.
2016-жылдан бери өзүнүн "Blue Swallow Group" аттуу маркетинг агенттигин өнүктүрүп келет. Ошондой эле кайрымдуулук уюмун түзүп, социалдык долбоорлорду колдоп жүргөнү айтылат.
Акыркы жылдары ал Британия саясатында активдүү иш алып барып, 2024-жылы ушул эле райондогу Консервативдик партиянын жергиликтүү бөлүмүн жетектеген.
Казакстандык жигит Лондондо мэрлик кызматка жетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















