super.kg logo

Улуу Британияда хантавирус менен ооругандардын саны көбөйдү

 

Улуу Британиянын бийлиги жарандардын арасында хантавирус менен ооругандардын үчүнчү учурун тастыктады. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо коопсуздук агенттиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, жугуштуу ооруу Тристан-да-Кунья архипелагында жашаган бир адамдан табылган. Буга чейин дагы эки британ жаранында бул оору аныкталып, алар кеме аркылуу эвакуациялангандан кийин Нидерландда жана Түштүк Африкада дарыланып жатышат.

Ошондой эле Израилде да биринчи учур катталып, Чыгыш Европадан келген бейтаптан хантавирус табылган. Ал бир нече ай мурда ошол аймакта болгон жана учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Круиздик кемеде да оору жайылып, үч адам каза болгондугу кабарланды. Кеме Канар аралдарына багыт алып, ал жерде ооругандарга медициналык жардам көрсөтүлөрү айтылды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму хантавирус инфекциясы дүйнөлүк ден соолук үчүн олуттуу коркунуч жаратпайт деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: