super.kg logo

Иран бийлиги өлкөнүн жогорку лидери тууралуу маалымат берди

 

Ирандын жогорку лидери Моджтаба Хаменеи АКШ жана Израилдин соккуларынан жаракат алып, учурда сакайып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөдөгү өкмөттүк жыйындардын координатору Мазахер Хосейниге таянып жазышты.

Анын айтымында, Хаменеи тизесинен, белинен жана кулагынын арт жагынан жеңил жаракат алган. Учурда абалы жакшы экени айтылды.

“Белиндеги жаракат айыкты, тизеси да жакында жакшы болот. Учурда ден соолугу туруктуу”, - деп билдирген Хосейни.

Ошондой эле ал Хаменеи эл алдына “ылайыктуу учурда” чыгарын кошумчалаган.

The Wall Street Journal басылмасы Иран бийлиги жаңы жогорку лидердин жаракаттары тууралуу биринчи жолу ачык маалымат берип жатканын белгиледи.

Айта кетсек, Моджтаба Хаменеи жогорку лидерлик кызматка атасы каза болгондон кийин келген. Ал март айынан бери коомчулукка чыккан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: