Эрдоган Түркияда жаңы конституция кабыл алуу зарылдыгын кайрадан көтөрдү
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия үчүн жаңы, заманбап конституцияны иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.
Ал бул тууралуу Административдик соттун 158 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып айткандыгын түрк басылмалары жазышты.
Президенттин айтымында, жаңы конституция демократияны, укуктук мамлекетти жана жарандардын кызыкчылыгын коргогон кеңири, либералдуу жана жарандык мүнөздө болушу керек.
Эрдоган ошондой эле жаңы негизги мыйзам Түркиянын укуктук системасын бекемдеп, заманбап саясий жана коомдук реалдуулуктарды чагылдырышы зарылдыгын белгиледи.
Ал учурдагы 1982-жылы кабыл алынган конституция заман талабына жооп бербей калганын айтып, жаңы редакция өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















