super.kg logo

"Форсаж" жылдыздары Канн фестивалына чогулушту

 

“Форсаж” франшизасынын актёрлору тасманын 25 жылдыгына карата 79-Канн кинофестивалына катышты.

Кызыл килемге тасманын белгилүү актёрлору Вин Дизель, Мишель Родригес жана Жордана Брюстер чыгышты. Ошондой эле кеченин өзгөчө коногу 2013-жылы жол кырсыгынан каза болгон актёр Пол Уокердин кызы Мидоу Уокер болду.

Айта кетсек, Вин Дизель Пол Уокер менен абдан жакын дос болгон. Ал актёр каза болгондон кийин кызынын мыйзамдуу камкорчусу болгон. 2021-жылы Мидоу турмушка чыкканда, аны маркум атасынын ордуна Вин Дизель жетелеп чыккан.

Мидоу Уокер да атасы тартылган “Форсаж” дүйнөсүнө аралашып, 2023-жылы жарык көргөн “Форсаж-10” тасмасында чакан ролго тартылган.

Кечеде Вин Дизель 2028-жылы чыга турган "Форсаждын" жаңы бөлүгүнө кинонун мурдагы актёрлору Дуэйн Жонсон менен Жейсон Стэйтем тартыла турганын билдирди.

Канн кинофестивалы 1946-жылдан бери өткөрүлөт. 1952-жылдан тарта фестиваль жыл сайын май айында уюштурулуп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген актёрлорду, режиссёрлорду жана киносынчыларды бириктирип келет.

Быйылкы 79-кинофестиваль Францияда кечээ башталды. Ачылыш аземине Деми Мур, Хайди Клум жана Жейн Фонда жана башка көптөгөн дүйнөлүк жылдыздар катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: