Америкалык 97 жаштагы пенсионер дүйнөлүк рекордду жаңылады
Америкалык Роберт Гордон Гиннесстин рекорддор китебине кирип, асманда салмаксыз учкан дүйнөдөгү эң кары адам болуп калды. Бул тууралуу Guinness World Records маалымдады.
Маалыматка ылайык, 97 жаштагы Гордон Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери жана учурда ардактуу эс алууда. Бул учуу мурдагы аскер дарыгери жана психиатр Роберт Гордон үчүн чоң жетишкендик болгон.
Ал мындай жыйынтыгы менен буга чейинки 90 жаштагы Эд Дуайт койгон рекордду жаңылай алган. Натыйжада Гордон 97 жаш 301 күнүндө салмаксыз абалда учкан эң кары адам катары расмий түрдө Гиннесстин рекорддор китебине киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















