super.kg logo

Эбола вирусуна кабылгандардын дүйнөлүк саны тууралуу маалымат берилди 

 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эбола вирусу тууралуу дүйнөдөгү акыркы кырдаал тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус Женевада өткөн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын сессиясында сүйлөп жатып, учурда эбола оорусуна кабылган 500дөн ашык учур катталганын жана 130дан ашык адам каза болгонун билдирген.

Буга чейин Конго өлкөсүнүн чыгышында эбола вирусунан каза болгондордун саны 91ге жеткени айтылган. Учурда аталган аймакта 350гө жакын адамдан вирус аныкталып, 59 бейтап дарыланууда. Мындан тышкары, оору Түштүк Судан жана Уганда аймактарында катталууда.

Маалымат үчүн:

Эбола - өтө кооптуу вирустук инфекция болуп эсептелет. Бул вирус биринчи жолу 1976-жылы Африкада, Конго Демократиялык Республикасында жана Судан аймактарында катталган. Оорунун табигый булагы катары жарганаттар, маймылдар саналат. Вирус аталган жаныбарлар аркылуу адамга жугушу мүмкүн. Ал эми адамдан адамга кан, дене суюктуктары же булганган буюмдар аркылуу жугат. Ошондуктан оорулуу адамга жакын байланышта болуу эң чоң коркунуч жаратат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: